Бүгүн кичи автобустардын айдоочулары линияга чыкпай койгондугуна байланыштуу борбор калаанын акимчиликтери шаар тургундарын акысыз жеткирүүнү уюштурууда.
Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыгы шаардыктарды үй - жумуш - үй маршруту боюнча бекер жеткиришти.
Биринчи кезекте, алар карыларга жана балалуу аялдарга үйгө жетүүгө жардам беришет. Бардык унааларда маршруту жазылган белгилер илинди.
Биринчи май районунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин унаалар алдыңкы айнегинде жүрө турган маршруттун көрсөтүп айдашат. Жалпысынан 40 унаа тартылды.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Свердлов районунун акимиаты шаардыктарды ташуу үчүн 20 унаа тартты. Маршруттар унаанын маңдайкы айнегинде көрсөтүлгөн жана райондун аймагында жүрөт.
Октябрь району да четте калган жок. Алар дагы шаардыктарга жардам көрсөтүүнү улантууда.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Сиздер дагы четте калбай, жеке транспорту жок адамдарга үйүнө жетүүгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз!