Борбор калаада балдардын сүрөттөрүнүн эки көргөзмөсү өткөрүлүүдө.
№4- Балдар искусство мектебинде (Байтик Баатыр көчөсү, 4а) "Жашоо балдардын көзү менен" аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсүн көрө аласыздар. Бардык эмгектер №4- Балдар искусство мектебинин Көркөм сүрөт бөлүмүнүн окуучулары тарабынан сунушталды.
Көргөзмөнү Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ачып, катышуучуларды майрам менен куттуктап, таланттуу балдар үчүн ата-энелерге ыраазычылыгын билдирип, кичинекей сүрөтчүлөргө чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Жаш сүрөтчүлөргө Эл сүрөтчүсү Таалай Курманов жана мугалим Светлана Лобова көркөм сүрөт өнөрүн үйрөтүшөт.
Чыгармалардын арасынан живопись, графика, скульптура, моделдөө, токуу, көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын көрө аласыздар. Ошондой эле, гуашь, акварель, картон гравюра, көлөмдүү скульптуралар жана барельеф менен иштешет. Көргөзмөдө: үй-бүлөнүн ачылыш күнү, биздин Кыргызстан, Бишкек жашоо үчүн, Бишкек балдар үчүн темалары сунушталат.
Семён Чуйковдун үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) дагы бир “Балдар дүйнөнү боёшот” аттуу көргөзмө өз ишин баштады.
Келиңиздер, биздин балдардын укмуштуудай пластилинден жасалган эмгектерин, квиллинг техникаларын, сүрөттөрдү жана башка эмгектерин көрүп кетиңиздер.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерди 1-июндан 10-июнга чейин сонун көргөзмөлөрдө күтөбүз. Келиңиздер! Жаш таланттарды колдойлу!