Балдарды коргоо күнүнө карата борбор калаанын акимиаттары административдик имараттарда балдарга экскурсия өткөрүштү.

Свердлов райондук акимиаты балдарды социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, райондук каржы бөлүмүнүн жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн иши менен тааныштырды. Балдарга бардык бөлүмдөр көрсөтүлүп, жүргүзүлүп жаткан иштер жана иш-чаранын негизги максаттары жөнүндө айтып беришти, суроо-жооп форматында викториналар уюштурулду.

Биринчи май районунун акимиатына активдүү мектеп окуучулары келип кетишти. Жетекчинин орун басары Аида Рысбаева жана муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Чыңгыз Байысов балдарга администрациянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Ленин районунун мектеп окуучулары да акимиатка экскурсияга барышты. Район башчысы Мелис Өскөмбаев жана аппарат жетекчиси Салмурбек уулу Азат балдарга администрациянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти жана райондук Бириккен Үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан балдар үчүн лекция уюштурулду. Район башчысы балдарды майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук, ийгиликтерди жана эс алуулары жакшы өтүүсүн каалады.

Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев жана анын орун басары Айнура Арстанбекова балдарга муниципалдык администрациянын - билим берүү жана социалдык өнүгүү борборунун иши жөнүндө айтып беришти.

Балдардын бардыгы таттуу белектер жана жакшы маанай менен кетишти.