"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын адистери 2021-2022-жылытуу мезгилине даярдык көрүүнү улантышууда.
Ушул тапта "Бишкексельмаш" буу казанында оңдоо жана профилактикалык иштер жүрүп жатат. Ал №22, №57- орто мектептерин, №52- балдар бакчасын, №2- музыкалык мектебин, Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгын, кайрымдуулук борборун, карылар үчүн мектеп-интернатын, "Диалог" маданият үйүн, №2- МАБ ошондой эле Интергельпо, Димитров, Кеңсуу, Трудовой, Кумарык, Январь көчөлөрдүн жээгиндеги 28 көп кабаттуу үйлөрдү жана 12 жер тамды жылуулук менен камсыздайт.
Биз отканаларды, буу казандарындагы жана насостордогу клапандарды, басым коллекторун, магистралдык насосторду, подстанцияны, электр кыймылдаткычтарын, буу бөлмөсүнүн буу бөлүгүнүн клапандарын оңдоп жатабыз.
Эске салсак, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын балансында 66 буу казан бар, ал 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.
Урматтуу шаардыктар! "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын байланыш номерлери:
Абоненттерди тейлөө: 212847;
Эсептешүү бөлүмү: 491342
Жылуулук энергиясын эсептөө приборлору жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу бөлүмү: 492535, 212804, 0504 828229, 0701 777110 номуруна WhatsApp тиркемеси аркылуу жөнөтүңүздөр