fБүгүн Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева №94- мектептин жетекчилиги менен 10-класстын окуучусу Нурмат уулу Нуремир менен болгон кырсык боюнча жолугушуу өткөрдү.
Урматтуу ата-энелер жана балдар! Эске салсак, балдар дүйнөнү чоңдордукунан башкача кабыл алышат, кээде ата-энелерге аларга оңой эмес учурда жардам берүү кыйынга турат. Балким, ата-энелер дагы, балдар дагы профессионалдык социалдык педагогдордун жана психологдордун жардамына муктаж болушу мүмкүн.
Балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык консультация берүү үчүн социалдык жана психологиялык кызматтар туруктуу режимде иштешет.
Эми сиздер мектептеги психологуңуз менен байланышып, кооптуу жана тынчсыздандырган маселелерди талкуулап, кесипкөй адистерден кеңеш ала аласыздар.
"Балдар үчүн ишеним телефону - 111" күнү-түнү иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Балдарга жардам борбору 0 (312) 44 25 10, 0 (312) 54 29 34.
Кризистик борборлор:
- Шанс - 0 (312) 613 227
- Сезим - 0 (312) 316 466
Сураныч! Чалыңыздар! Анткени, кичинекей түшүнбөстүктөрдү өз убагында талкуулоо керексиз психикалык коркунучтарды алдын алууга жардам берет.
Урматтуу ата-энелер! Пандемия өтөт, биз сиздерден Балдар менен сүйүү, достук, өз ара түшүнүшүү, урматтоо жана жардамдашуу тууралуу маектешип, балдар менен көп убакыт өткөрүүнү жана аларга көңүл бурууну суранабыз.
Тапшырмаларды биргеликте аткаруу, ата-эне менен баланын ортосундагы достук мамилени жаратат.