Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык"муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү борбор калаадагы "мыйзамсыз" курулуштарга каршы күрөштү улантууда.
Карасаев көчөсүн реконструкциялоонун алкагында капиталдык тосмо жана темир тосмо өз ыктыяры менен бузулду.
Ошондой эле, “Арча-Бешик” конушундагы Жайыл Баатыр көчөсүндө чарбалык имарат жана дүкөн демонтаждалды.
“Алтын-Ордо” конушундагы мыйзамсыз контейнер өз ыктыяры менен бузулду.
Тимирязев көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде уруксаты жок гезит сатуучу жайга кеңейтүү үчүн тургузулган жеңил типтеги объект алынды.
Токтогул көчөсү менен К.Акиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан өзүм билемдик менен жашылча-жемиш сатуу үчүн орнотулган жеңил типтеги бастырма алынып салынды.
Шота Руставели көчөсүндөгү №60 жана №69- үйлөрдүн жанына уруксатсыз орнотулган 4 темир мамылары жана кабелдер алынды. Жал-23 кичи районунда дагы кабел менен темир мамылар, ошол эле жерде мыйзамсыз темир тосмодон алынды.
“Ак-Босого” конушундагы Архитектор көчөсүнүн жээгинде жолдорду реконструкциялоонун алкагында иштебеген жеңил типтеги объект алынып, Архитектор көчөсү менен Профессор Зима көчөсүнүн кесилишинде дүкөндүн мызамсыз кеңейтилген жери демонтаждалды.
Ак-Шоокум жана Жолон көчөлөрүнүн кесилишиндеги капиталдык тосмо жана пескоблоктон сактоочу жай алынды.
Жолон көчөсүндө кыш менен көтөрүлгөн капиталдык тосмо демонтаждалды.
Биздин команда Ала-Тоо аянтынын аймагын мыйзамсыз орнотулган объектилерден "тазалады".
Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болуп калсаңыздар, анда 0707 48 61 62 номерине фото жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.
Ошондой эле, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын баракчасы социалдык тармактарда:
• Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
• Instagram: @ uzs.bishkek
• Twitter: @uzsmeriakg.