«Бишкек троллейбус башкармалыгынын» кызматкерлерине COVID-19ка каршы эмдөө жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Тренингти мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунологу Гүлзат Дыйканбаева өткөрдү.
Гүлзат Дыйканбаева эмдөө иммунитетти калыптандырууга, инфекциянын жайылышын азайтууга жана пандемия менен күрөшүүгө жардам берерин белгиледи.
Ошондой эле, жолугушууда суроо-жооп диалогу орун алды.
Лекцияга бардык санитардык нормаларды сактоо менен ишкананын 80 кызматкери катышты.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарында кечки кабыл алуусу бар убактылуу эмдөө бөлмөлөрү төмөнкү поликлиникаларда жайгаштырылган:
Кабыл алуу тартиби 15:00дөн 23:00гө чейин:
Студенттер үчүн шаардык поликлиника - 66 52 63;
Октябрь районундагы №18 үй-бүлөлүк медицина борбору - 56 82 33.
8:00дөн 23:00гө чейин эмдөө бөлмөлөрү:
Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 64 45 57; 0505 111 330;
Биринчи май районунун №14- үй-бүлөлүк медицина борбору - 0500 008 208;
Свердлов районунун №8- үй-бүлөлүк медицина борбору - 0551 117 744.