Социалдык саясат боюнча калаанывн вице-мэри Виктория Мозгачева Балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууга "Технопарк", "Азия Молл", "Иллюзион", "Скай парк" жана "Бублик" борборлорунун өкүлдөрү катышты.
Алгоритмдердин жана бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алып, аталган аянтчалардын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкууладык.
Ассоциациянын өкүлдөрү бардык санитардык талаптарды сактоо менен аянтчаларды ачууга жана кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүүгө даяр экендигин белгилешти.
Вице-мэр бул маселе шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги жыйынына коюла тургандыгын белгиледи.
Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 2021-жылдын 27-майына карата коронавирустук инфекция жана пневмония боюнча 238 жаңы учур катталды, 271 айыгып, күнүнө 3 адам каза болду.