Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Бишкек шаарынын дагы үч көчөсүнүн бөлүгүндө жол иштери башталды.
Эки жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен төмөнкү көчөлөр оңдоло башталды:
1. Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Т.Молдо көчөсүнө чейин;
2.. Ж.Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
3. Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин.
Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Жогорудагы бөлүмдөрдө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.
"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көптөгөн көчөлөр кеңейтилет жана жаңы курулат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар каралган.
Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктер - кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы.