Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрдү.

Жолугушууга үч шаар тургуну келишти, кайрылуулар газдаштыруу, суу менен камсыздоо, жашылдандыруу, мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу болду.

Мэрдин милдетин аткаруучуга Табышалиев кчс 3 дарегиндеги  көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүүдө мыйзам бузуу маселеси боюнча шаар тургуну кайрылды.

Жолугушууга Ибраимов  көчөсү 61 дарегинин жашоочулары  үйдүн аймагын жакшыртуу, чуңкурду толтуруу,  жашыл зонаны кайтарып берүү, мыйзамсыз курулуштарды демантаждоо жана курулуш материалдарын саткан базарды алып салуу өтүнүчү менен кайрылышты.
Бардык маселелер боюнча муниципалитеттин компетенциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Биз ар дайым байланыштабыз!

Суроолорду же даттанууларды  1840, 1850 номерине калтыра аласыздар. Сүрөт жана виде фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Шаар тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, социалдык тармактарда суроолорун бере алышат:

Бишкек шаарынын мэриясы: https://www.meria.kg/ru
Facebook: https://www.facebook.com/312Bishkek
Instagram: https://www.instagram.com/meria_bishkek/?hl=ru,
Twitter: https://twitter.com/bishkekcityhall?s=08,
Телеграмма: https://web.telegram.org/#/im?p=@bishkekmeria.

Ошондой эле, бардык маалыматтар Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына ыкчам түрдө жайгаштырылат.