Мурда аталган имаратты Биринчи май районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы ээлеп келген.
Бала бакча 120 балага ылайыкташтырылып, капиталдык оӊдоо жүргүзүлдү. Окутуу эки тилде: кыргыз жана орус тилде жүргүзүлөт. Аталган бала бакча жакында ачылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, жаӊы бала бакчага 145 балага жолдомо жазылып берилди.