Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүгүнүн жана «Группа ГАЗ» автомобиль холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Борбор калаанын транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Валерий Латыпов, «Группа ГАЗ» компаниясынын сатуу департаментинин директору Дмитрий Пыжиков, «Группа ГАЗ» компаниясынын Кыргызстандагы расмий дилеринин “Вираж”ЖЧКсынын өкүлү Фархад Досматов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода миссиясынын консультанты Светлана Антонова катышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын муктаждыктары үчүн газ менен жүрүүчү автобустарды жеткирүү, ошондой эле Россия Федерациясынын каржы түзүмдөрүнөн каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов катышуучуларга иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун карап чыгууга жана соода өкүлчүлүгүнүн сунушун колдоого даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, «Группа ГАЗ» россиялык автомобиль холдинги Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн рыногу үчүн ар кандай модификациядагы автоунааларды чыгарууга адистешкен.
Түтүнгө (смог) каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинет, Бишкек шаарынын мэриясы Шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.