Борбор калаада шаардыктарга жана борбордун конокторуна эс алуусу үчүн коомдук жайлар көбөйүүдө.

Октябрь районунда дагы бир жашыл аймак реконструкциядан өтүп жатат. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев "Физкультурный" сейил бакчасын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 3 миң 750 чарчы метр аянтка таман таш төшөп, 2 миң метрге жакын тротуардын жээк таштары орнотулууда, 57 отургуч жана таштанды челектери техникалык кароодон өткөрүлөт.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы 800 метрге жакын электр чубалгыларын тартты, жерден жанып турган чырактар үчүн 32 бетон пайдубалы орнотулду. Бул багыттагы  иштер улантылууда.