Бишкек шаарынын мэриясы “Ак-Ордо” конушунун Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы мектептин, ошондой эле “Дордой” конушундагы бала бакчанын курулушуна кайрадан сынак жарыялайт.
Тендер борбордук мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.
“Ак-Ордо” жаңы конушунда жаңы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык баасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түзөт. Арыздардын ачылышы 2021-жылдын 14-июнунда болот.
“Дордой” жаңы конушундагы бала бакчанын курулушуна 48 миллион 398 миң 113 сом каралган, арыздар 2021-жылдын 10-июнунда ачылат.
Каражат Бишкек шаарынын бюджетинен каралган.