Ашхабад шаарынын негизделгенинин 140 жылдыгын жана Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алдында достук мамилелерди чыңдоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү.

Жолугушуу онлайн режиминде өткөрүлдү.

Конференцияга достук мамиледеги, боордош, коңшу мамлекеттердин, КМШ өлкөлөрүнүн, ошондой эле дүйнөнүн ири шаарларынын өкүлдөрү, анын ичинде борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Экономика, маданият, билим берүү, медицина, тарых жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы достук байланыштарды өнүктүрүүдө, шаар экономикасын жүргүзүү тажрыйбасында негизги көрсөткүчтөр белгиленди.

В.Мозгачева бул форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кесиптештерин келе жаткан майрамдары менен куттуктады.

Форум Ашхабад шаарынын Хякимлик (мэриясы) тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты - муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн шаарлардын өкүлдөрүн бириктирүү.