Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчилиги Суванбердиев көч., 102 дарегиндеги жашоочуларга жөнөтүлгөн билдирүүлөр үйдөн чыгаруу максатында жөнөтүлгөн эместигин билдирет.
Батирди берүү жана ордерди алуу фактысы боюнча мэрия талашып-тартышпайт. Эскерте кетсек, үйдөн чыгаруу жөнүндө чечим сот органдары тарабынан гана чыгарылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 4-декабрындагы 178-р буйругун аткарып, муниципалдык менчикти инвентаризациялоо, анын ичинде муниципалдык кызматтык жана турак жайларды ижарага берген тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анткени, муниципалдык кызматтык турак жайларды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 57-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келбейт.
Бул иш муниципалдык менчиктин колдонулушун көзөмөлгө алуу максатында, Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Муниципалдык батирлерди колдонуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланган учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан укуктук мамилелерди токтотуу боюнча чаралар көрүлбөйт. Бирок, муниципалдык турак жайды пайдаланууда мыйзам бузуулар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына шаар тургундарынын келип түшкөн бардык кайрылууларын тез арада карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларга жоопторду берүү тапшырылды.