Шаар ишин улантууда. Райондордун акимдери шаардыктар менен ар дайым байланышта.
Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, райондун жашоочуларын жеке кабыл алды.
Кабыл алууга 8 райондун тургуну келди. Анда материалдык жардам, районду көрктөндүрүү, ошондой эле жер жана турак жай маселелери көтөрүлдү.
Турак-жай алуу маселеси боюнча, 2014-жылдан бери турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон майыптык топтогу райондун тургуну кайрылды.
Аким тийиштүү кызматтарга шаардыктардын бардык маселелерин тез арада Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде кароону тапшырды.
Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район башчыларынын жеке кабыл алууларына жазылсаңыздар болот:
Ленин району, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Чүй пр., № 315 (фойенин сол тарабында, Ленин Акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski @ meria .kg