Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиевдин төрагалыгы астында муниципалдык администрациянын коллегиясынын отуруму өттү.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, шаардык кызматтардын башчылары жана райондук МАБтын жетекчилери катышты.
Күн тартибине жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселеси талкууланды.

Акимдин орун басары Айнура Арстамбековага Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы , Социалдык өнүктүрүү  башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, Билим берүү борбору жана райондук МАБтар менен биргеликте рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.