Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бардык муниципалдык кызматчылары үчүн окуу семинарларды өткөрүүнү улантууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек троллейбус башкармалыгы” МИнин, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Биринчи май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондорунун МАБдарынын, Билим берүү башкармалыгынын, “Бишкек жашыл чарба” МИнин кызматкерлерине семинар өткөрүлдү.
Ошондой эле “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы орус тилдүү кызматкерлер үчүн жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бардык муниципалдык кызматчылар үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” темасында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн 3 айлык окуу курстары өтүлүп жатат.