Шаардын коммуналдык кызматтары 2021-2022-жылытуу мезгилине кызуу даярданып жатышат.
Кыш мезгилинде шаардыктардын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында, " Бишкекжылуулкэнерго " коммуналдык ишканасынын от казандарында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Так ушул тапта "Жал" от казанын тартипке келтирип жатабыз, ишкананын адистери төмөнкү жумуштарды жүргүзүп жатышат:
- насостун коллекторунун диаметринин алмаштырылышы жана көбөйүшү;
- от казанды оңдоо;
- түтүн бөлүп чыгаргычты жана желдеткичти оңдоо;
- тармактык насосту оңдоо;
- газ чарбаларын оңдоо;
- электр жабдууларын жана приборлорду оңдоо;
- экономайзерлерди тазалоо;
- жылытуу трассасындагы жабык клапандарды жарым-жартылай алмаштыруу менен оңдоо;
- турак үйлөрдүн жер төлөлөрүндөгү элеватор блокторун профилактикалык оңдоо.
Белгилей кетсек, от казан 7 миңден ашуун бишкектиктерди жылуулук менен камсыз кылат.
Эске салсак, "Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасынын балансында 66 от казаны бар, ал 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт.
Урматтуу шаардыктар! "Бишкекжылуулкэнерго" коммуналдык ишканасынын ишеним линиялары бар:
Абоненттерди тейлөө: 212847;
Эсептешүү бөлүмү: 491342
Жылуулук энергиясын эсептөө приборлору жана ысык сууну каттоо бөлүмү: 492535, 212804, 0504 828229
Диспетчердик кызмат : 0701 777110 вотсап