Шаар ишин улантууда. Кечээ борбор калаабыздын жашылдандыруучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы энтомологдорунун бири Иван Хегай менен биргеликте  шаардын арчаларын пландык текшерүүдөн өткөрүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө арча митеси жана кабык жегич коңуз табылган.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери керектүү азык заттары бар препараттарды чачуу ыкмасы менен арчаларды дарылап башташты. Жыйынтыгында алардын иммунитети жогорулап, көрктүү түскө ээ болушат. Биринчи дарылоо Чүй, Тынчтык проспектилеринде жана А. Масалиев, Совет көчөлөрүндө жайгашкан арчаларга жүргүзүлдү.