Шаар ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүүдө.

Тамак-аш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн "Бир Эки", "Эл Эмне Жейт" тез тамактануучу жайларына жана "Хабиби" кафесине 70-берене боюнча протоколдор түзүлдү. Бул мыйзам бузуулар экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом.

“Орто-Сай” базарында тиричилик таштандыларын туура эмес жерге таштаганы үчүн “Карасай Сервис ЛТД” компаниясына 71-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, жеке адамдарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом айып салынды.

Абдрахманов көчөсү, 204 дарегинде жайгашкан “The Host” ресторанына, “Инкорп Лимитед” компаниясынын, Осмонкула көчөсү, 1а дарегиндеги май алмаштыруу пунктунун аймагындагы тартипти бузуулар катталып, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 70-беренесине ылайык экинчи категория протокол түзүлдү: жеке адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом.

Ошондой эле, Люксембург көчөсүндөгү жолду бузгандыгы үчүн шаар тургуну Карынбек уулу А.га 119-берененин 3-категориядагы айып пул салынды, жеке жактарга 5500, юридикалык жактарга 17000 сом.

119-берененин 1-бөлүгүнө ылайык "Жолдорду, көчөлөрдү, темир жол өтмөктөрүн жана башка жол курулуштарын коргоо эрежелерин бузуу", 4- категориядагы айып пул салынды, жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн жанында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз. Санитардык-экологиялык инспекциясы : 0705564756 номуру аркылуу байланышта.