Шаар ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы 2021-жылга карата   титулдук тизмеге ылайык, мектеп жана бала бакчаларда оңдоо иштерин улантууда.

Капиталдык курулуш башкармалыгы  Билим берүү башкармалыгынын талабы боюнча, билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

№75 бала бакчанын имаратынын фасады, дренаж тутуму, №6 автордук окуу-тарбия комплексинин  актовый залы жана фойеси, №28 мектеп-лицейинин жылытуу тутуму оңдолот.

№27 мектептин  чатырын оңдоо кректелет.

Капиталдык оңдоо иштерине каражат шаардык бюджетте каралган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg