Вице-мэр Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган, балалуу аялдар үчүн "Аялзат" биринчи муниципалдык кризистик борборунун жайкы иш графиги менен таанышты.
Эске салсак, Аялзат борбору ушул жылдын февраль айында ачылып, 60 орунга эсептелген жана шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Учурда борбордо 4 аял балдары менен убактылуу баш калкалап жатат, аларга психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Борбордун кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам беришет, жабырлануучуларды сот жана укук коргоо органдарында коштоп жүрүшөт.
Бүгүн вице-мэр В.Мозгачева жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова Кризистик борборлор ассоциациясынын өкүлдөрү Толкун Тилекова жана Назира Жээнбекова менен жолугушту. Тараптар биргелешкен иш планын, ошондой эле кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдоону талкуулашты. Мэрия, Кризистик борборлор ассоциациясы жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында, ашыкча бюрократиясыз аялдарга реалдуу колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча иш күчөтүлөт.
Урматтуу шаардыктар! Балдарга карата зомбулукту байкап калсаңыздар, дароо милицияга жана 111 ишеним номерине чалыңыздар Эгерде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары болсо, анда дароо 102 жана 117 номурларына чалып билдириңиздер!