Борбор шаардагы студенттер поликлиникасында COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды.
Кабыл алуу Рыскулов көч. 8 дарегинде саат 15:00дөн түнкү саат 23:00 гө чейин жүргүзүлөт, маалымат үчүн телефон: 0(312) 66 52 63.
Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада 120 жаңы учур аныкталып, 11 адам айыгып чыгып, 2 бейтап каза болду.
Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирус инфекциясынын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 16 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан жогору курактагы жарандар, медиктер, педагогдор, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле бардык каалоочулар бар.
"Эмдөөгө байланышкан суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 0312 31-32-97, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 52-17-10, 0312 54-65- 21 жана 0312 54-61-04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;
• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун №8 ҮМБ - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун №19 ҮМБ- 0709 655 540;
• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ - 64 45 57; 0505 111 330;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы медициналык амбулатория, №13 ҮМБ - 0550 500 845;
• Свердлов районунун ҮМБна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата” медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Биринчи май районундагы №14 ҮМБ “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.
Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп жана аралыкты сактаңыздар. Сиздерден өз алдынча дарыланбай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.