Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Cloud Tech" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселеси, ошондой эле муниципалитет менен "Cloud Tech" компаниясынын ортосунда абаны тазалоо жаатындагы маселелерге адистешкен кызматташтыкты орнотуу талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бишкектеги экологияны жана абаны таза сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, түтүнгө каршы күрөшүү биринчи кезектеги милдет экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, “Cloud Tech” компаниясы мунара түрүндөгү “Smog Tower” аталышындагы жаңыча аппаратын сунуштады. Аны ачык талаага да, калк жыш жайгашкан мегаполисте да орнотууга болот, экологиялык жактан таза, минималдуу беш этаптуу тазалоо процесси менен жабдылган болгону 3 кВт энергияны керектейт.
Б.Кудайбергенов катышуучуларга иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун карап чыгууга жана компаниянын сунушун колдоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушууга Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрагасы Токтайым Үмөталиева, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев катышты.
Түтүнгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинет. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы" ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.