Бильярд сүйүүчүлөрү үчүн
21-23-май күндөрү бильярд спортунун "Эркин пирамида" дисциплинасы боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт. Бардык курактагы кыз-келиндер жана эркектер катыша алышат.
Катышуучуларды каттоо 21-майда саат 9:00дө Ч.Айтматов проспектиси 97/1, ПАВО бильярд клубунда башталат, бир түстүү көйнөк жана классикалык шым кийүү абзел.
Турнир түшкү саат 12:00дө башталат.
Чемпионаттын уюштуруучулары - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КРнын Бильярд спорт федерациясы.
Спорттук аскага чыгуу боюнча ачык чемпионаты
2021-жылдын 21-23-май күндөрү "On The Wake" экстремалдык борборунда (Анкара көчөсү 1/31), спорттук альпинизм боюнча Бишкекте жаштар арасында Ачык Чемпионат өтөт. 2006-2010-жылдары туулган жана андан кичүү курактагы жаштар катыша алат.
Уюштуруучулар: Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын альпинизм, аскага чыгуу жана музга чыгуу федерациясы.
Комиссиянын төрагасы Гальцова Марина Борисовна.
Мелдештер Бишкек шаарынын күчтүү спортчуларын аныктоо жана шаардын жана республиканын курама командалардын рейтингин түзүү үчүн өткөрүлүүдө.
Жаштар үчүн спартакиада
22-23-май күндөрү Октябрь районунда 2008-2009-жылы туулган өспүрүмдөр арасында спартакиада өтөт.
Мелдештер №60 орто мектебинин спорт базасында төмөнкү спорт түрлөрү боюнча өткөрүлөт: дартс, стол тенниси, кичи футбол, кыймыл оюндары.
Толук маалымат: (0703) 047917 Наргиза Дербишева