Бишкек шаарынын мэриясынын мобилдик топтору коомдук транспортто санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү иштерин улантууда.
Коомдук транспорттун ичинде санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаровдун катышуусу менен өткөрүлдү.
Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда жүргүзүлдү.
124 троллейбус текшерүүдөн өттү, негизинен жүргүнчүлөр бет кап режимин сакташкан жок.
Бул рейддер жумасына эки жолу өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, санитардык текшерүүлөрдүн максаты шаар тургундарына айып пул салуу эмес, бет кап режимин, аралыкты сактоону эскертүү болуп саналат.
Пандемиянын шарттарын биринчи ирет бузгандарга эскертүү берилет, кайра кайталанса, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.