"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы Көк-Жар, Лебединовка, Новопавлов айыл өкмөттөрүнө ичүүчү суунун көлөмүн чектеди.
Бишкек шаарында колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык, көлөмү күнүнө 165 литрге азайтылды.
Айыл өкмөттөрүндө ири дебитордук карыздар чогулгандыктан, таза суу менен камсыздоону кыскартууга туура келди, май айына карата карыз 17 миллион 896 миң 8,4 сомду түзөт.
Белгилей кетсек ичүүчү суунун бул көлөмү жашоочулардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетиштүү деңгээлде.
Мурда бир айдын ичинде суу менен камсыздоо 97 миң 551 куб метр нормадан 112 миң 411 куб метрди түзчү.
"Бишкексууканал" ЖЭБи карызды ийкемдүү график боюнча төлөө боюнча сунуш киргизген, бирок айыл өкмөттөрүнүн жетекчилиги эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Буга байланыштуу, 2021-жылдын 17-майынан баштап ичүүчү сууну чектөө чечими кабыл алынды.