Шаар ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын имаратында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объектилерге укук берүү боюнча комиссия өткөрүлдү.

95 маселе каралып, анын ичинен 56 келишимдин мөөнөтү узартылып, 5 жаңы ижара келишими түзүлдү.

350 миң сомдон жогору ижара келишимдер түзүлдү.

Райондор боюнча көрсөткүчтөр: Биринчи май районунда 16 келишим, Ленин районунда 6, Свердлов районунда 8 , 20 келишим Октябрь районунда.

Жарнак конструкцияларына болжол менен 112 миң сомго 10 ижара келишими түзүлгөн.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.