Шаар ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев №9- кичи райондун көчөлөрүн жөө кыдырып текшерди.
Текшерүү турак-жай коммуналдык чарбанын жана №8- МАБтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасына ылайык, №9- кичи райондун тургундары үчүн сейил бак уюштуруу пландалууда.
Д.Арпачиев "Бишкекжашылчарба", "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканаларына биргеликте жаңы сейил бактын эскиздик долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле башчы “Ынтымак-2” паркынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Азыр "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы сугат тутумун орнотуп жатат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга райондун аймагын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Бул багытта текшерүүлөр улантылат.