Борбор калаанын муниципалитети, райондук администрациялар ири базарлардын жанында мыйзамсыз соода менен күрөшүүнү улантууда.
Ленин акимиатынын мобилдик тобу күн сайын райондун аймагын, айрыкча Ош базарынын айланасын текшерип турат.
Ленин акимиаты, Ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгы, МАБтын кызматкерлери “Ош” базарынын аймагында жана Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө башаламан соода-сатыкты жоюу боюнча текшерүү жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө 65тен ашык жеңилдетилген типтеги күркөлөр алынды.
Бул багыттагы иштер улантылат.