Кыш мезгилинде шаардыктарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн борбордук мэрия азыртан даярдыктарын баштады.
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы буу казан менен удаалаш эле жылуулук түйүндөрүн тартипке келтирет.
Азыркы учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Алыкулов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын кызматкерлери жаңы асфальтбетон төшөөнүн алдында Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүктө жылуулук тармагын алмаштырууда.
Биз узундугу 50 метр диаметри 108 мм болгон жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуучу түтүктөрүн алмаштырып жатабыз.