"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо, калаанын бардык райондоруна жарык орнотуу, оңдоп-түзөө иштерин улантууда.
Биринчи май районунун аймагында Профессор Зима көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин 4 жарык чырагы, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде дагы бир чырак орнотулду.
Ошондой эле, Худайбергенов менен Джаманбаев көчөлөрүнүн кесилишине 3 жарык чырагы орнотулган, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 8 торшер жарык берүүдө, Токоналиев көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин 2 жарык чырагы иштеп жатат.
Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги зымдын үзүлгөнү калыбына келтирилди. "Мурас-Ордо" жаңы конушунда №7- көчөдө 900 метр изоляцияланган зым тартылды.
Ленин районунун аймагында “Ак-Өргө” жаңы конушунда Жетиген көчөсүндө Өмүракунов көчөсүнөн Хан теңир көчөсүнө чейин 24 чырак жана кроншейн орнотулду.
Жарыктандыруу иштери улантылууда.
Урматтуу шаардыктар! Калаанын тышкы жарыктандыруусуна байланышкан суроолоруңуздарды ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы кабыл алат: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet