Биринчи май акимиатында балдар иштери боюнча комиссиянын пландуу отуруму Билим берүү борборунун адистери, Үй-бүлөлүк медицина боюнча биргелешкен борбордун дарыгерлеринин, психологдордун жана социалдык кызматкерлердин жана Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын катышуусунда өткөрүлдү.
Үй-бүлөдөгү зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, менчиктик укукту коргоо, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча 27 материал каралды.
Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгында турмуштук оор кырдаалда турган 115 үй-бүлө каттоодо турат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген регламентке ылайык, балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.
Шаардын төрт райондук администрациясында тең балдар иштери боюнча ишеним телефону иштейт:
- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0 (312) 67-03-86;
- Октябрь районунун ишеним телефону: 0 (312) 51-03-75;
- Свердлов районунун ишеним телефону: 0 (312) 53-05-76;
- Ленин районунун ишеним телефону: 0 (312) 88-38-99.