Шаардык кызматтардын кызматкерлери борбор калааны көрктөндүрүү боюнча иштерин улантышууда.
"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы Свердлов районунундагы "Кара жыгач” сейил багын жарыктандырды, мындан ары «Комсомол» жана «Пионер» көлдөрүнүн аймагы дагы ар дайым жарык болот.
Борбор калаанын жарыктандыргычтары тарабынан 56 даана темир түркүктөр орнотулуп, 4 темир бетон, 78 светодиоддук чырак, 600 метр өзүн-өзү актай турган изоляцияланган зым тартылып, жер астына 1300 метр электр зымдары тартылды.
Белгилей кетсек, ар бир тирөөч оригиналдуу, анткени аны "Бишкексвет" адистери өз колу менен ишкананын цехинде даярдап чыгарышкан.
Ошол эле учурда, "Аламүдүн-1" кичи районуна көчө жарыктарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү каналдын боюнда 17 түркүк пайда болуп, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, электр чубалгылары жер астына тартылууда.
Жарык берүү иштери уланууда.
Урматтуу жарандар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы түшүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.
"Бишкекжарык" социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet