Бишкек шаарынын мэриясы, райондук акимчиликтер борбор шаарыбыздын жашоочулары менен ар дайым туруктуу жана ыкчам байланышта.

Биринчи май районунун тургундары “Ала-Арча” дарыясынын жанында, Чоң Чүй Каналынын ылдый жагындагы Республика көчөсүндө кичи футбол аянтчаларын куруу үчүн жер тилкесин ижарага берүү маселеси боюнча кайрылышкан.

Райондун акими Максат Нусувалиев жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү тезинен жерине барып, аянты 0,36 га болгон бул участоктун ижарачысы А.Жумагулов экендиги аныкталган.

Комиссиянын кароосунун жыйынтыгы боюнча, ижарачыга өзү бузган дренаж тутумун калыбына келтирүү жана жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү сунушталды, жогоруда көрсөтүлгөн иштер аяктагандан кийин муниципалдык администрация ижарачыга башка жер участогун берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын ижарага пайдаланууга жер участокторун берүү комиссиясына кайрылат.

Урматтуу шаардыктар! Биз жардам берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө ар дайым даярбыз.  Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолоруңузду берсеңиздер болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына ыкчам жайгаштырылат.

Бардык кайрылуу жана арыздарды мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары аркылуу күнү-түнү кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.