Ленин районунун башчысы Мелис Оскомбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык администрациянын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумга Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, шаардык кызматтардын башчылары жана райондук МАБтын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинин маселелери, шаардыктардын арасындагы социалдык-маанилүү оорулардын алдын алуу боюнча райондук дарылоо-профилактикалык уюмдардын иши, сойкуканаларды жоюу боюнча мекемелер аралык комиссиянын иш-аракеттери жана райондо коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча суроолор талкууланды.

Акимдин биринчи орун басары Алтынбек Маматовго Рыскулов, Бейшеналиева, Павлов көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги сойкуканаларды жоюу боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишин күчөтүү, ошондой эле жогоруда аталган көчөлөрдүн аянтына участкалык милиция бөлүмүн куруу үчүн жерди аныктап, каражат табуу тапшырылды.

Жетекчинин орун басары Бакыт Караевге кийинки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маселелерди  кылдаттык менен карап иш жүргүзүү тапшырылды.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.