Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада санитардык эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө.

Мобилдик топтор, анын ичинде:Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгынын кызматкерлери , Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын адистери, Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын кызматкерлери борбор калаанын коомдук транспортторунун ичинде санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүдө.

Санитардык текшерүүлөр жана айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери күн сайын шаардын эл көп топтолгон аялдамаларында өткөрүлүп турат.

1-апрелден бери Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан 47 протокол түзүлүп, транспорттук инспекция жана Борбордун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аркылуу 85 500 сом айып пул салынган.

Пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилди, бир нече жолу бузгандарга - маска режимин сактабагандыгы, антисептик каражаттарынын жоктугу үчүн - Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгында (УГТ) айдоочулардын арасында маска режимин сактоо, салондорго антисептик каражаттарын милдеттүү түрдө орнотуу жана кичи автобустарды ар бир каттам аяктагандан кийин дезинфекциялоо боюнча жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.