Бишкектиктер эмдөө алууну улантууда. Бүгүн борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева COVID-19 эмдөө пункттарында болду.

Вице-мэр Биринчи май районунун №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ), Ленин районунун №2 ҮМБда эмдөө учурунда жумуштун уюштурулушун текшерди.

Дарыгерлер коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууну каалаган жарандардын саны көбөйүп баратканын белгилешти. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 13 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан ашкан карылар, дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана шаардыктар бар.

Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297  жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө  0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;                                                           

• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун  №8 ҮМБ  - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ  - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун  №19 ҮМБ- 0709 655 540;                                                                

• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ  - 64 45 57; 0505 111 330;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы  медициналык амбулатория, №13 ҮМБ   - 0550 500 845;
• Свердлов районунун  ҮМБна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата” медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14  ҮМБ  “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.  

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө-коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын- алуу боюнча эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!