Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана калаанын вице-мэрлери Кытайда өндүрүлгөн Sinopfarm COVID-19 вакцинасын алышты.

Эске салсак, үч жума мурун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган.

14-майга карата 13 миң 704 адам эмдөөдөн өттү,  анын ичинде 65 жаштан ашкан карылар, дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана шаардыктар.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: бет кап тагынуу, колуңузду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң натыйжалуусу эмдөө. Эгер оорудан алыс болууну кааласаңыз,  анда эмдөө алыңыз. Бул жерде нөөмөттө турган дарыгерлердин номерлери жана  даректери: https://www.meria.kg/ru/post/21953

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Бардык суроолор боюнча "Эмдөө" ишеним телефонуна 313297, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  Иммунопрофилактика бөлүмүнө  0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 кайрылыңыздар.