Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.
Борбордун жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу бекитилген графикке ылайык шаардыктарды жеке кабыл алды.
Жолугушууда шаарыбыздын сегиз тургуну ар кандай объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана ижарага алуу маселелери боюнча кайрылышты.
Шаар тургуну У.Мамаев Айни көчөсүнө жеңил түрдөгү обьектини курууга жер тилкесин берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Шаар тургуну Р. Абдразакова Беш-Тектир көчөсү, 1 дарегинде жеке турак жай курууга жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча кайрылган.
Вице - мэр шаардыктардын бардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана кайрылууларын кунт коюп уккандан кийин тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына шаардыктардын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде кыска мөөнөттө карап чыгууну тапшырды.
Урматтуу шаар тургундары! Борбордун жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу 61-07-33 телефону аркылуу ар дайым байланышта.
Ар кандай маселе же даттанууларды 1840, 1850 номерлери аркылуу кабыл алабыз, ал эми фото же видеофактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына (0554) 182 185 жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар тез арада Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат.