Борбор калаада ысык суу 17-майдан 17-июнга чейин өчүрүлөт.

Тиешелүү буйрукка  Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз жана бул ишке түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы калаанын батыш тарабын: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушун тейлет. Байланыш: 212906, 0701 777110 (WhatsApp).
Калган керектөөчүлөрдүн бардыгын ысык суу менен "Бишкекжылуулуктармагы " ААК камсыз кылат: 1980, (0312) 61-11-69.