Эл аралык медайымдар күнү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 12-майда белгиленет.
Урматтуу медайымдар, фельдшерлер жана санитарлар!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!
Бүгүнкү шартта, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, медицина коронавирус инфекциясы менен жан аябастык менен күрөшүп жаткан учурда, сиздердин эмгегиңиздер биз үчүн маанилүү жана баа жеткис!
Анткени, "кызыл" зоналарда, ооруканаларда, бейтапканаларда, амбулатордук борборлордо жана тез жардам станциясында иштегендер сиздерсиздер. Баардыгына карабастан, бейтаптарды карап, аларга кам көрөсүздөр. Сиздин тактыгыңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр күн сайын миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калат, ал эми жылуу сөзүңүздөр, жылмаюуңуздар жана камкордугуңуздар кээде дарыларга караганда натыйжалуу болот.
Эмгегиңиздер үчүн рахмат! Майрамыңыздар менен, биздин баатырлар!
Белгилей кетсек, борбордун саламаттык сактоо мекемелеринде орто жана кенже медициналык персоналдын беш миңге жакын адиси иштейт. Бүгүн шаар боюнча майрамдык иш-чаралар өтүүдө.