Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч болгондуктан, COVID-19 менен күрөшүү улантууда. Акыркы суткада жаңы 158 коронавирус инфекциясы жана пневмонияга чалдыкандар аныкталды.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күн сайын троллейбустун ичин санитардык тазалоодон өткөрүп, дезинфекциялап турушат.
Күн сайын эртең менен биз кармагычтарды, отургуч туткаларын, рулду, панелдерди жана унаалардын кире бериш эшиктерин атайын дезинфекциялоочу каражат менен тазалап, айдоочуларга маска режимин сактоого пландык көрсөтмөлөрдү беребиз.
Мындан тышкары, айдоочулар акыркы аялдамага жеткенде троллейбустун ичинде нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп, кармагычтарды дезинфекциялап, салонду желдетип турушат.
Шаардыктардын коопсуздугу үчүн жеке коргонуу каражаттары жок жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомго медициналык бет кап сатып алса болот.
Урматтуу шаардыктар санитардык эрежелерди унутпай, бет кап тагынып, колуңуздарды таза кармаңыздар!