Шаар ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүүдө.
Абдрахманов көчөсү 152 дарегинде жайгашкан “Азия Вест Бишкек соода үйү” ЖАКна жана Панфилов көчөсү 135 дарегиндеги “Марлен” унаа жуучу жайынын ээсине чектешкен аймактарда санитардык абалды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 70-беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн. Бул мыйзам бузуулар экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга - 3000 сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.
Тиричилик калдыктарын таштанды челектерине жеткирбеген компаниялар: "Бишкек сүт" ААК, Жукеев-Пудовкин көчөсү 144 дарегиндеги "Кампа Орто-Сай" майда-дүң маркети, Байтик Баатыр 34 дарегиндеги "FS" бычуу жана тигүү мектеби, Тоголок Молдо көчөсү 6 дарегиндеги "Фонотек" медициналык борбору. Аталган бузуулар үчүн 71-берененин 1-бөлүгү боюнча айып пул каралган, жеке жактарга - 5500 сом, юридикалык жактарга - 17 миң сом.
Жаш Гвардия 38 а дарегиндеги "МБМ Групп" ЖЧКсына, Медеров көчөсү 58 дарегиндеги "Пиала" кафесине өндүрүш таштандыларын башаламан таштагандыгы үчүн 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык проткол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Тилекке каршы, айрым жашоочулар тиричилик калдыктарын таштанды челектерине таштабай, турак жайлардын жанына калтырып, стихиялык таштанды уюштурган учурлар көп катталууда. Буга байланыштуу мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы көйгөйлүү жерлерге айып пулдар жөнүндө маалымат баннерлерин орното баштады. Мындан тышкары, биз түнкүсүн да текшерүүлөрдү өткөрүп, күн сайын шаардыктар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин айланасында санитардык тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жерлерге таштабаңыздар. Сураныч! Өзүңүзгө жана туулган шаарыңызга кам көрүңүздөр!
Шаардын тазалыгын сактайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564756