Д.Асанов атындагы паркта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана райондун тургундары, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов курм катышып, согушта курман болгондорду эскеришти.
Митинг-реквиемди Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов ачты.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип, андан кийин шаардыктар эстеликке гүл коюшту.