Кутман кеч, урматтуу кесиптештер! Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чаралардын планы менен таанышыңыз.
Саат 11: 00дө Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин катышуусунда эстеликтерге гүл коюу аземи болот:
• Борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев -Масалиев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында өткөрүлө турган иш-чарага катышат;
• Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев - Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги "1920-1940-жылдардагы Комсомолдун Баатырларына" арналган эстеликке барат.
Саат 10: 00дө Красный Строитель кичи районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигинде Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Ренат Айтымбетовдун катышуусунда гүл коюу аземи болот.
"Жеңиш" автожүрүшү саат 11: 00дө болот. Автожүрүш Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен башталып, Семетей 2а дарегинен жыйынтыктлат.