Урматтуу шаардыктар, «Ак-Босого» конушунун тургундары! «Ак-Босого» конушундагы жаңы мектептин курулушуна конкурс жарыялагандыгын билдиребиз.
Жаңы билим берүү уюму 660 окуучу орунга эсептелген. Долбоорлоо-сметалык документтери толугу менен бүткөрүлдү.
Тендер шаардык мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлмөкчү. Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык наркы 284 миллион 445 миң 867 сомду түздү. Каржылоо булагы - шаардын бюджет.
Урматтуу катышуучулар! Конкурс жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: http://zakupki.gov.kg/.