Оор учурларда колдоо - баарынан жогору.
Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (TİKA) Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда турган шаардыктарга колдоо көрсөтүштү.
Биз Биринчи май районунун жашоочулары үчүн 1000 азык-түлүк баштыгын даярдадык.
Жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмелери Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук МАБ тарабынан берилди.
Бишкек шаарынын мэриясы Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигине (TİKA) көрсөткөн колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.